«Альянс Алтын» жоопкерчилиги чектелген коом “Восток-геолдобыча” ачык акционердик коому тарабынан уюмдаштырылып, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан 2015-жылдын 2-июнунда Талас облусунун Талас районунун Сасык-Булк айылында катталган.
“Альянс Алтын” ЖЧКсынын ишинин негизги принциптери:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;
- экономикалык майнапталуукту, өндүрүштүк коопсуздукту жана айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуучу алдыңкы технологияларды жана башкаруу усулдарын пайдалануу;
- мамлекет жана жергиликтүү коомдошштуктар менен иштиктүү өз ара аракеттенүү.
«Альянс Алтын» ЖЧКсы 2035-жылдын 28-августуна чейинки мөөнөткө Жерүй кен жатагын иштетүү лицензиясына жана 2020-жылдын 28-августуна чейин Жерүй аянтын геологиялык-чалгындоо иштеринин лицензиясына ээ.
2015-жылы Жерүйдө геологиялык, топогеодезиялык, инженердик-экологиялык изилдөөлөр, ошондой эле кенди иштетүүнүн технологиялык регламентин кайра иштеп чыгуу башталган. Бул жумуштун алкагында 2015-жылы капиталдык салымдардын суммасы 679,4 миң $ түзгөн.
4230 АЕ лицензиясына №1 Лицензиялык келишимдин шарттарына ылайык “Альянс Алтын” 2016-жылдын 28-августуна чейинки мөөнөттө мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдарга жана тийиштүү ведомстволорго Жерүй кен жатагын иштетүү боюнча техникалык долбоорлорду даярдайт жана сунуштайт.
2017-жылдын жаз айында тоо-байытуучу комплекстин курулушу пландаштырылган. жатат.
2018-2031 жылдары “Альянс Алтын” кенди ачык ыкма (карьер) менен жылына 1,3 млн тоннанын деңгээлинде кен иштетүүнү, суммардык түрдө 58,2 тонна алтын казып чыгууну пландаштырууда.
2031-2043 жылдарга жыл сайын кенди 700 миң тоннанын деңгээлинде жер алдында тоо иштери, суммардык түрдө 28,7 тонна алтын казып чыгаруу пландаштырууда.
Маалыматтар боюнча 2016-жылдын башына долбоорго капиталдык сарптоолор $307 млн. болуп бааланууда.