EN KG RU
«Бакубат Талас» фонду Таластык жеткинчек ойлоп табуучулардын Малайзияга баруусун каржылады

 «Альянс Алтын» компаниясы негиздеген «Бакубат Талас» фонду жергиликтүү бийлик өкүлдөру менен тыгыз байланышта иштеп, областагы билим берүү, спорт, маданият жана башка тармактардагы көйгөйлөрдү чечүүнү колго алып келет.

Фонддун Байкоочу кеңешинин  21-февралда болуп өткөн кезектеги жыйынында Таластык жеткинчек ойлоп табуучуларды колдоо демилгеси каралып,  жыйынтыгында 140 миң сом каржылык жардам көрсөтүү чечими кабыл алынган. Анткени, Талас шарындагы Манас Ата сапат лицейинин 11-классынын окуучулары   Адылбек Эргешов, Атай Карагулов, Сулайман уулу Султан жана Эркинбек уулу Алманбет 13-16-мартта Малайзияда өтө турган “Жаш ойлоп табуучулардын дүйнөлүк олимпиадасына” катышууга чакыруу алышкан. Бирок Малайзияга  барып келүүгө каржы маселесин чечүү кыйын болгондуктан бүгүнкү күнгө чейин алардын бул олимпиадага баруусу күмөн болуп келген.

28-февралда Талас областынын өкүлчүлүгүнүн имаратында “Бакубат Талас” фондусунун жетекчилигинин, облус өкүлүнүн катышуусунда аталган алдыңкы окуучуларга 140 миң сом акча каражаты салтанаттуу түрдө  тапшырылды.

“Аталган окуучулар буга чейин Кенияда, Америкада, Казахстанда өткөрүлгөн Инновациялык жаңы технологиялар боюнча сынактарга катышып байгелүү орундарды багындырып жүрүшкөн. Эскерте кетсек аталган окуучулардын дүйнөлүк олимпиадасы биринчи жолу Малайзияда 2017-жылы 15 мамлекеттен өкүлдөрдүн катышуусунда өткөрүлгөн. Уюштуруучулардын айтуусунда быйылкы 2018-жылдагы дүйнөлүк сынака 50 мамлекеттин өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.