“Бакубат Талас” фондусунун байкоочу кеңешинин чечимине ылайык, Талас областынын бир катар райондорунда калкты таза суу менен камсыз кылуу багытында курулуш иштери жасалууда.
“Бакубат Талас” фондусунун байкоочу кеңешинин чечимине ылайык, Талас областынын бир катар райондорунда калкты таза суу менен камсыз кылуу багытында курулуш иштери жасалууда.
Талас облусунун тургундары үчүн социалдык пакетти ишке ашыруу максатында “Альянс Алтын” компаниясы, “Бакубат Талас” фондусу, Талас областтык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери үчүн эки батирлүү кызматтык үй куруп беришти.
Социалдык пакет боюнча калкка колдоо көрсөтүүнүн алкагында
2016-жылы 16-сентябрда КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен түзүлгөн келищимдин алкагында 2017-жылдын 1-мартына карата Талас облусунда кичи жана орто ишкерликти, айыл чарба тармагын колдоо, социалдык тармактын ишин жакшыртуу максатында “Бакубат Талас” фондусуна бөлүнгөн 100 млн. сомдун ичинен банк тарабынан «Бакубат» кредиттик багыты боюнча 225 кишиге 8 пайыздык үстөк менен жалпы суммасы 60 950 000 сом жеңилдетилген кредит берилген.
Байкоочу кеңештин мүчөлөрү фонд түзүлгөн күндөн баштап областын жашоочуларынан, мекеме-ишканалардан, коомдук уюмдардан түшкөн социалдык багыттагы каржылык колдоо көрсөтүү боюнча арыздарды карап чыгышып, өтө муктаж деп табылган 5 долбоорго 4 млн. сомдук каржылык жардам көрсөтүү чечими кабыл алынды.