EN KG RU
2018 ЖЫЛДЫН ДЕКАБРЬ АЙЫНДАГЫ АЯНТТАГЫ ИШТЕР

11- декабрь күнү мамлекеттик экотехинспекциянын директорунун орун басары Болот Жусуев жана башкы куруучу-инспектор Шараф Ачилдиев Жерүйдүн аймагын текшеришти. Алгач уулу заттардын жана реагенттердин негизги кампасынын курулушу менен таанышышты. Калдыктарды сактоочу өнөр жай аянтчасы менен бетон аралашмасынын түйүнүн, курулуп жаткан алтын чыгаруучу фабриканын борбордук аналитикалык лабораториясын жана түнкүсүн иштөө мүмкүнчүлүгүн түзгөн прожектордук бөлүмдү карап чыгышты.

Андан соң майлоочу жана унаа майларын куюучу эки колонналуу бекет курулган 2040 белгисине көтөрүлүштү. Бул жерден алтын чыгаруучу фабрикадан келген жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларынын аянттар аралыгын түзгөн аянтча жакшы көрүнөт. Андан соң тоо бетин этектеген жол менен көтөрүлүп, 3500 белгисине чыгышып, курулуп жаткан оңдоо механикалык жайын көрүштү.

Аны менен катар 11 декабрь күнү бул аймакка, өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмиль Осмонбетов дагы барган. Иш сапардын жүрүшүндө ал, иштин жүрүшү менен таанышып, «Алтын Альянстын» жетекчиси менен кезигип, биргелешип иш алып баруудагы орчундуу маселелерди талкуулашты.

12- декабрь күнү болсо, өндүрүшкө Бишкек жана Таластын журналисттери үчүн пресс-тур уюштурулду. Журналисттер өндүрүштүн тоо башындагы аянтчасына көтөрүлүп, андан соң оңдоо механикалык жайына, от бекетинин кампасы курулуп жаткан куруу индустириясынын базасына ылдыйлап, от жагуучу бөлмөсүн карап чыгышты. (курулуш Asia Water Build кызмат көрсөтүү уюму тарабынан ишке ашкан). Тур алтын чыгаруучу фабрика жана калдык сактоо өнөр жай аянтында кызмат көрсөткөрдөрдүн негизги техникасы жайгашкан лагерди көрүү менен аякталды.