EN KG RU
"Альянс Алтын" компаниясы, "Бакубат Талас" фондусу Талас облусундагы ат оюндарына баш байге кылып автоунаа белеке койду

“Альянс Алтын” компаниясы негиздеген “Бакубат Талас” фондусу Талас областтык Ат оюндары федерациясы менен биргеликте КР Эгемендүүлүгүнүн 27 жылдыгына карата Талас шаарындагы Райкан Алканов атындагы ат майданында областын тургундары үчүн ат оюндарын тартуулады. Ат майрамына областын баардык райондорунан 100дөн ашык күлүктөр катышып, «Жорго салыш», «Тай чабыш», «Кунан чабыш», «Аламан» байгелери боюнча күч сынашты. Жыйынтыгында “Бакубат Талас” фондунун эсебинен “Аламан” байге үчүн биринчи орунга коюлган баш байге автоунааны Талас районунун Көк Ой айылынан келген саяпкер Узгенов Куттубектин “Көк Шам” аттуу күлүгү жеңип кетти. Калган жеңүүчүлөр дагы “Бакубат Талас” фондунун, областтык Ат оюндары федерациясынын мактоо баракчалары, медаль жана акчалай байгелери менен сыйланышты.

Ошол эле күнү “Альянс Алтын” компаниясынын демөөрчүлүгү менен Талас районундагы Бекмолдо айыл аймагынын Сасык Булак айылында дагы айыл окмөттүн тургундары үчүн спорттук иш-чаралар уюштурулду. Анда айыл өкмөткө караштуу төрт айылдын жашоочулары кичи футбол, кыргыз күрөш, ордо, шахмат жана эркектер, кыз-келиндер арасында волейбол оюну боюнча күч сынашып кызыктуу оюн көргөзүштү. Жыйынтыгында баардык жеңүүчү деп табылган командаларга “Альянс Алтын” компаниясынын атынан акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Бул күнү наристе балдар, өспүрүмдөр дагы “Альянс Алтын” компаниясынын “Бакубат Талас” фондусунун көңүл чордонунда болду. Эгемендүүлүк майрамынын урматына алар үчүн Талас шаарындагы борбордук паркта “Акыйкаттуу коом” коомдук бирикмеси менен биргеликте майрамдык иш-чара уюштурулду. Анда балдар үчүн ар түрдүү багыттагы чакан кароо-сынактар өткөрүлүп, концерт тартууланып, бекер балмуздактар таратылса, атайын үйлөмө секиргичтер (батут) бекер иштеди. Келечек ээлери үчүн ушундай эле майрамдык иш-чаралар жыл башынан бери “Бакубат Талас” фондусунун каржылоосу менен областын баардык райондорунда КР Эгемендүүлүгүнүн 27 жылдыгына арналып өткөрүлүп келген.