EN KG RU
Жогорку Кеңештин депутаттары Жерүйдөгү абалды жеринде көрүштү

...2015-жылы кенди иштетүү укугун утуп алган орусиялык “Восток геолдобыча” компаниясы тендердин шартына ылайык өкмөткө 100 млн. доллар төлөгөн. Анын эсебинен өкмөт 170 млн. сомду Талас облусуна, 170 млн. сомду Талас районуна, 170 млн. сомун кенге жакын Бекмолдо айыл өкмөтүнө бөлгөн. Мындан тышкары «Бакубат Талас» фонду түзүлүп, ага алгачкы үч жылга 100 миллион сомдон, калган үч жылда 150 миллион сомдон бөлүү маселеси чечилген. Фонддун каражатынын 70 млн. сому орто жана чакан бизнести өнүктүрүш үчүн сегиз пайыз үстөгү менен берилип жатса, ал эми 30 млн. сом кайтарымсыз шартта социалдык долбоорлор үчүн бөлүнүүдө.

Жерүй Кыргызстандагы алтындын көлөмү боюнча Кумтөрдөн кийинки эле орунда турат. Геологиялык алдын-ала иликтөөлөр боюнча бул кенде 84 тонна алтын, 10 тоннадан ашуун күмүш бар.

Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары Кожобек Рыспаев, Алмаз Жутанов, Исланбек Сарсеитов, Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Уланбек Рыскулов, мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын жетекчисинин орун басары Расул Артыкбаев, мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин директорунун орун басары  Мирбек Акматалиев, токой чарбасы жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчи орун басары Арсен Рыспеков жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.